Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. Бишкекте медиа өкүлдөрүнүн арасында мини-футбол боюнча ”Евразия Кубогу“ аталышындагы турнир өттү. Иш-чара журналисттерди, телеалпаруучуларды, операторлорду, министрликтердин жана ведомстволордун басма сөз катчыларын, блогерлерди ошондой эле Кыргызстандын медиа чөйрөсүнүн өкүлдөрүн чогултту.
Уюштуруучулар билдиришкендей, иш-чаранын негизги максаты медиа өкүлдөрүнүн ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоо, достук алаканы өнүктүрүү жана журналисттер арасында сергек жашоо образын жайылтуу.
Мелдешке жалпы 12 команда катышты. Оюндар мини-футбол форматында өтүп, катышуучулар башкы байге “Евразия Кубогу” үчүн ат салышты.
Турнирдин жыйынтыгы:
- 1-орун — ”ЭлТР Кыргызстан” командасы;
- 2-орун — ”Кыргыз Спорт”;
- 3-орун — ”УТРК”.
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарды ээлегендер уюштуруучулар тарабынан атайын белектер менен сыйланышты. Биринчи орун үчүн ”ЭлТР Кыргызстан“ командасына ноутбук, экинчи орун үчүн ”Кыргыз Спорт“ командасына камера үчүн стабилизатор, ал эми үчүнчү орундун ээлери ”УТРК“ командасына караоке-колонка тапшырылды.
Ошондой эле төмөнкүлөр мыкты оюнчулар деп табылды:
- Мыкты бомбардир — Асхат Бейшембиев (”ЭлТР Кыргызстан”);
- Мыкты коргоочу — Шухраб Абдакапар уулу (”Кыргыз Спорт”);
- Мыкты дарбазачы — Асан Алиев (”УТРК”).
Иш-чаранын алкагында салтанаттуу ачылыш аземи, мыкты оюнчуларды сыйлоо жана фото-видео зоналар уюштурулду.
”Бул турнирди Кыргызстандын медиа коомчулугу үчүн жыл сайын өтүүчү салттуу иш-чарага айлантууну көздөйбүз. Спорт адамдарды бириктирип, ишенимди арттырып, чыныгы командалык духту жаратат”, — деп белгилешти уюштуруучулар.
”Медиа өкүлдөрүнүн арасындагы Евразия Кубогун“ өткөрүү медиа өкүлдөрү менен мамлекеттик басма сөз кызматтарынын ортосундагы бейрасмий диалогду өнүктүрүүгө жана өлкөнүн кесиптик коомчулугунун өз ара кызматташуусу үчүн позитивдүү аянтча түзүүгө багытталган”,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, турнирдин уюштуруучусу ”Евразия Кыргызстан“ коомдук фонду.