Медеров көчөсү оңдоп-түзөөдөн соң ачылды

Коом 3 июль 2025 19:00
1751546146 (1).jpeg
1751546107.jpeg
1751546112.jpeg
1751546117.jpeg
1751546122.jpeg
1751546142.jpeg
1751546152.jpeg
Алдыга
Артка
1751546146 (1).jpeg
1751546107.jpeg
1751546112.jpeg
1751546117.jpeg
1751546122.jpeg
1751546142.jpeg
1751546152.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Бишкек шаарында Медеров көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн толугу менен ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жол оңдоо иштеринин алкагында, жол тилкесинин эски катмары сыйрылып, 2 катмар асфальт басылды. Андан сырткары, жолдун эки четиндеги бордюрлар алмаштырылды. Ирригация тутуму иретке келтирилди.

Ошондой эле бардык жол белгилери чийилип, керектүү белгилер орнотулду. Жол айрым жерлерде 5 тилкеге чейин кеңейтилип, кесилиштерде бурулуштар үчүн кошумча тилкелер каралган.

Алдыда жарыктандыруу тутумун жаңылоо, аялдама комплекстерин куруу сындуу кошумча жумуштар жасалат.

Бул жаңылануу унаа кыймылын иретке салып, тыгындардын алдын алууга багытталган.