Бишкек, 17.08.26 /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Вьетнамдын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Нгуен Тхань Лени кабыл алды.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Медер Абакиров Нгуен Тхань Лени жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгү кыргыз-вьетнам мамилелерин мындан ары чыңдоого жана тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Элчи Нгуен Тхань Ле ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырып, эки өлкөнүн ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө активдүү көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.
Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты, жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-вьетнам мамилелерин мындан ары чыңдоо максатында өз ара пайдалуу диалогду жана биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин ырасташты.