Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров алдыдагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн келген Венгриянын парламентинин делегациясы менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
ТИМден билдиришкендей, министрдин орун басары венгер тарапка өлкөдөгү шайлоо процесстерине көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирип, эл аралык байкоочулардын катышуусу коомдун шайлоо системасына болгон ишенимин арттырарын жана Кыргызстандын шайлоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкка ачыктыгын ырастаарын баса белгиледи.
Аягында Медер Абакиров Венгриянын парламентинин делегациясына ийгиликтерди жана конструктивдүү тажрыйба алмашууну каалап, кыргыз тараптын ачык диалогго бардык зарыл маалыматтарды берип, миссияны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө даярдыгын белгиледи.