Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын экономикалык, соода-инвестициялык, банк иши жана тоо-кен тармагындагы артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Завод куруу боюнча Concrete Canvas менен долбоордун жүрүшүнө, Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги (UKEF), ошондой эле маанилүү тоо кен минералдар секторун өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуунун алкагында Boston Consulting Group (BCG) менен өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун соңунда эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоого кызыкдарлыгын билдиришип, саясий байланыштарды колдоо максатында жогорку деңгээлдеги сапарларды жана сүйлөшүүлөрдү уюштуруу боюнча ишти улантууну макулдашышты.