Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 28-ноябрда тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ТүркПАнын байкоочу миссиясынын делегациясын Казакстан Мажилисинин депутаты Абзал Куспан жетектеди.
Министрдин орун басары ТүркПАнын байкоочулар миссиясына өлкөнүн шайлоо өнөктүктөрүн көзөмөлдөөгө үзгүлтүксүз катышып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди жана эл аралык байкоочулардын катышуусу шайлоо процессине коомчулуктун ишенимин арттырарын баса белгиледи.
Ошондой эле жолугушууда алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар шайлоо өнөктүгүн, мониторинг жүргүзүү ыкмаларын талкуулап, шайлоо процессинде ачык-айкындуулукту камсыз кылуунун маанилүүлүгүн айтышты.