Абакиров Словения ТИМинин мамкатчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат Загрузка... 01 Октябрь 2025 16:00
ДЛЯ ИНСТАГРАМА - NEW (9).png
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Словениянын Тышкы жана европалык иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Мелита Габрич менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулап, өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү жана тереңдетүү үчүн келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө көңүл бурушту.

Саясий диалогду бекемдөөгө жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган алдыдагы жогорку деңгээлдеги сапарларды даярдоого жана уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө умтуларын ырасташты жана ар кандай чөйрөлөрдө диалогду жана кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.