Медер Абакиров Финляндиянын элчисин кабыл алды

Саясат Загрузка... 25 Июнь 2025 17:17
WhatsApp Image 2025-06-25 at 11.05.35.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Финляндиянын Кыргызстандагы элчиси Янне Тапио Хейсканенди кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды.

Медер Абакиров саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Инвестициялык жана ишкердик байланыштарды кеңейтүүнүн, анын ичинде биргелешкен бизнес форумдарды өткөрүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө баса белгиленди.

Янне Тапио Хейсканен эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана өнүктүрүүгө, тактап айтканда, Кыргызстан менен Финляндиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары да чыңдоого өз күч-аракетин бурууга кызыкдар экенин жана даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сапарларды уюштуруу боюнча пикир алмашуу болду.