Медакадемиянын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси кайтарылды

Коом 21 октябрь 2025 13:14
568415350_1320394673201682_8044476330400860796_n.jpg
568328774_1320394676535015_4058895641988310992_n.jpg
568408452_1320394766535006_6519501825098348601_n.jpg
568950211_1320394756535007_8407546987676037892_n.jpg
569049700_1320394803201669_5800895483731967779_n.jpg
569186528_1320394679868348_6281801218522555476_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, аталган жер тилкеси 1998-жылы мамлекеттик көзөмөлдөн мыйзамсыз алынып, жеке менчикке өтүп кеткен.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган жер тилкесинин менчик ээси аталган жер участогун имараты менен бирге Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өз ыктыяры менен жана акысыз өткөрүп берди.

Белгиленгендей, КР "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын ылайык, мамлекеттик билим берүү мекемелеринин имараттары, жер тилкелери жана материалдык-техникалык базасы менчиктештирүүгө жатпайт.

УКМК мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган социалдык инфраструктура объекттерин мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча активдүү иштерди улантууда.