Бишкек, 24.09.25 /Кабар/. Мечиттерде кан басымды өлчөөчү пунктулар ачылат. Бул тууралуу Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун илимий кызматкери Саамай Абилова билдирди.

Анын айтымында артериялык гипертензия – бул жүрөк-кан тамыр ооруларынын өөрчүшүнө себеп болгон олуттуу оорулардын бири болуп саналат.
“Эң негизгиси бул ооруда эч кандай специфакалык белгилер болбойт. Аны өз убагында аныктоонун бир гана жолу бар. Ал кан басымды ченеп туруу. Учурда биз тонометр аппараттарын ар бир дарыканадан көрүп жатабыз. Бул абдан жакшы көрүнүш. Аны ар бир жаран колдоно алат.
Андан сырткары, биздин борбор менен муфтияттын ортосунда бул багытта келишим түзүлүп, 29-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүн утурлай, биринчи этаптын алкагында мечиттерге 100 тонометр сатып алынды. Буга байланыштуу мечиттерде кан басымды өлчөөчү бурчтар болот. Атап айтканда ал жерге келген адамдарга кан басымын өлчөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Кан басымды текшерүү бурчуна жоопкер болгон имамдарга биздин кардиологдор кан басымды туура ченегенди жана анын эрежелерин үйрөтүшөт. Аларга артериялык гипертензия жана жугуштуу эмес оорулар жөнүндө сабак өтүшөт. Бул жерде сандарга көңүл бурулат. Атап айтканда адамдын кан басымы 140/90дон жогору болсо ага ооруканага баруу сунушталат”, -деди ал.