Мбаппе "Кайрат" менен "Реал Мадрид" беттешинде мыкты оюнчу аталды

Спорт Загрузка... 01 Октябрь 2025 12:00
mbappe-ne-hochet-chtoby-ego-.jpg
copyright icon www

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Футбол боюнча дүйнө чемпиону, «Реалдын» оюнчусу, француз Килиан Мбаппе Алматыда «Кайратка» каршы мадриддик команданын оюнунда мыкты оюнчу деп табылды.

Мбаппе Чемпиондор лигасынын Алматыда өткөн оюнунда «Кайратка» каршы хет-трик жасап, оюнда эң мыкты оюнчу болууга татыктуу болду.

Ага статуэтка тапшырылып, андан кийин Мбаппе күйөрмандарга кайрылды:

"Мен бүгүн үч гол киргиздим, бирок дагы көп гол киргизе алмакмын жана муну оңдойм деп убада берем. Дагы бир жеңиш — жана биз Мадридге кезектеги упайлар менен кайтабыз. Ишембиде “Бернабеуда” жолугушканча! Hala Madrid!»,-деген ал.