Массалык башаламандыктарга чакырык жасоого шектелген журналист кармалды

Коом Загрузка... 11 Март 2026 21:13
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Массалык башаламандыктарга чакырык жасоого айыпталган журналист кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин маалыматына караганда, Facebook социалдык тармагындагы "Даниэль Жоошбаев" аттуу аккаунт аркылуу бийликти дискредитациялоого жана коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган материалдар жарыяланып келгени аныкталган. Ошондой эле аталган баракчада массалык башаламандыктарга алып келиши мүмкүн болгон билдирүүлөр жайгаштырылган.

Бул факт боюнча Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктарга чакырыктар) менен кылмыш ишин козгоду.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында аталган фейк аккаунттун ээси, 50 жаштагы журналист А.А. аныкталып, кармалды. Тинтүү учурунда анын үйүнөн далил катары ноутбук, планшет, уюлдук телефон жана башка техникалык каражаттар алынды.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.