Масато Канда: АӨБ 2025–2027-жылдары Кыргызстанга 700 млн доллар бөлүүгө даяр

Экономика Загрузка... 20 Ноябрь 2025 18:50
WhatsApp Image 2025-11-20 at 18.28.23.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.11.25 /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы 2025–2027-жылдары Кыргызстанга 700 млн доллар өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу аталган банктын президенти Масато Канда маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан акыркы жылдары макроэкономикалык туруктуулукту камсыздап, оң көрсөткүчтөргө жетишип жатат. Бул АӨБ үчүн Кыргызстан менен кызматташтыкты улантууга негиз болууда.

“Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө болгон ишенимибиздин далили катары биз 2025–2027-жылдар аралыгында 700 млн доллар бөлүүгө даярбыз”,- деди ал.

Масато Канда белгилегендей, өнүгүү үчүн үч негизги багытты эске алуу маанилүү.

“Алар 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын ийгиликтүү аткарылышы, жеке секторду кеңири колдоо жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу. АӨБ бул багыттар боюнча Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр.

Биз чакан жана орто бизнести, ошондой эле ири инфраструктуралык долбоорлорду колдойбуз. Келечекте биздин кызматташтыгыбыз мындан да бекемделет деп ишенем”,- деп кошумчалады ал.