Мас абалында жаңжал чыгарган милиция кызматкери кызматтан бошотулду - ИИМ

Укук тартиби Загрузка... 17 Сентябрь 2025 10:50
WhatsApp Image 2025-09-17 at 10.14.44.jpeg

Бишкек, 17.09.25 /Кабар/. Ички иштер министрлиги интернетте тараган видеого байланыштуу жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча милиция кызматкеринин кызматтан бошотулганын маалымдады.

Ведомстводон билдиришкендей, буга чейин, интернет тармагында К. у. А. аттуу милиция кызматкеринин мас абалында жүргөн видеосу тараган. Анда ал кайгуул милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган учурда жаңжал чыгарып, алардын мыйзамдуу талабына баш ийбей, качууга аракет кылганы көрсөтүлгөн.

Бул окуядан кийин тиешелүү кызматтык иликтөө дайындалып, анын жыйынтыгында К. у. А. ички иштер органдарынын кызматтык тартибин одоно бузганы, ошондой эле мекеменин аброюна шек келтиргени аныкталган. Натыйжада, ал терс негиздер менен кызматтан бошотулду.

"ИИМ мындай фактыларга карата туруктуу мыйзамдуулукту ырааттуу карманат. Мыйзамды же кызматтык тартипти бузган ар бир учур кызматкердин наамына жана кызмат ордуна карабастан, катаал жана адилеттүү каралат",-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн дискредитациялоого алып келчү аракеттерди аныктоо жана алдын алуу боюнча иштер уланып жатканы кошумчаланды.