Март айынын аягына чейин майнинг фермалар иштебейт – Ташиев

Коом Загрузка... 13 Ноябрь 2025 13:40
2023-02-28_15-03-18.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.11.25 /Кабар/. Кыргызстандын аймагындагы майнинг фермалар март айынын аягына чейин иштебейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Регион ТВ” телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, энергетикалык кризисти жеңилдетүү максатында мындай чечим кабыл алынган. Эгерде кимде-ким майнинг ферманы жашыруун иштетүүгө аракет кылса, мыйзам чегинде катуу жаза көрүлөт.

“Мындан сырткары, бардык мамлекеттик органдар, министрликтер, мекеме-ишканалар, кечки 18:00дөн кийин электр жарыгын толук өчүргүлө. Кээ бир мекемелерде түнү менен кондиционерлер иштеп турат. Бул электр энергиясынын текке кетиши. Энергетика тармагындагы кызматкерлер бул маселени катуу көзөмөлгө алгыла”,- деди Ташиев.

Муну менен катар ал мындай талаптар ооруканаларга жана укук коргоо органдарына тиешелүү эместигин кошумчалады.

“Ошондой эле мектептердин электр жарыгын дагы 18:00дө өчүрүп коюп жатышыптыр. Бул туура эмес. Мектептердин электр жарыгын 19:00дө өчүргүлө”,-деди ал.