Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Борбор Азия аймагынын динамикалуу өнүгүүсүнүн жана өлкөлөр ортосундагы активдүү диалогдун шартында Кыргызстан менен Монголиянын өз ара аракеттенүүсү өзгөчө мааниге ээ. Белгилүү саясат таануучу Марс Сариев "Кабар" агенттигине берген маегинде Монголиянын мамлекеттик түзүлүштөгү уникалдуу тажрыйбасына басым жасоо менен эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды тереңдетүүнүн стратегиялык маанилүүлүгүн белгиледи.
"Кыргызстанга Монголиянын мамлекеттик түзүлүштөгү уникалдуу тажрыйбасы кызыктуу жана пайдалануу болушу мүмкүн. Белгилүү болгондой, Монголиянын парламенти монгол коомунун уруулук курамын чагылдырат. Бул тажрыйба биздин мамлекет үчүн өтө кызыктуу, себеби бизде дагы илгертен бери эле ушундай коомдук түзүлүш бар", - деди Сариев.
Саясат таануучу Монголиянын экономикалык жана саясий жактан тез өнүгүп жатканын айтты. Мындай тенденция коңшу мамлекеттер, анын ичинде Россия, Түштүк Корея, Кытай жана Япониянын көңүлүн буруда. Өз кезегинде Кыргызстан да Монголияга кызматташуунун кызыктуу перспективаларын сунуштай алат.
Политолог указал на бурное экономическое и политическое развитие Монголии, которое привлекает внимание соседних стран, включая Россию, Южную Корею, Китай и Японию. В свою очередь, Кыргызстан также может предложить Монголии интересные перспективы для сотрудничества.
"Кыргызстандын климаты жакшыраак, ошондуктан биз Монголияга курорттук аймактарыбызды, мөмө-жемиштерди жана башкаларды сунуштай алабыз. Биздин өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүгү монголдор үчүн да кызыктуу болот деп ойлойм. Андыктан Монголиядан Кыргызстан аркылуу Европага аба каттамын ачуу маселеси күн тартибине коюлмакчы", - деди Марс Сариев.
Эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүн божомолдогон Марс Сариев саясий жана экономикалык тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
"Монголия дүйнөлүк державалардын кызыгуусун жараткан пайдалуу кен байлыктардын кенчи. Ал эми Кыргызстанда дагы ошондой. Бул жаатта биз күчтөрүбүздү бириктирип, кызматташа алабыз", - деп белгиледи саясат таануучу.
Жалпысынан Сариевдин пикиринде Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жалпы аймактын туруктуу өнүгүшүнө, өзгөчө Монголияны камтыган Борбор Азияны жаңыча түшүнүүгө шарт түзөт.