Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Саясат таануучу Марс Сариев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген комментарийинде Элдик курултайдын бүтүндөй Кыргызстандын саясий системасынын маанилүү тиреги катары коомду бириктирүүчү жана турукташтыруучу ролун белгиледи.
Анын айтымында, элдик өкүлчүлүктүн бул институту реалдуу күчкө, калктын колдоосуна жана ишенимине ээ болуп, бийлик органдары менен өз ара аракеттенип, маселелердин кеңири чөйрөсүн чечүүгө жөндөмдүү.
"Иш жүзүндө Кыргызстанда өкүлчүлүктүн эки палаталуу моделине жакын система калыптанууда. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө көңүл бурса, Элдик курултай жер-жерлердеги адамдардын кызыкчылыктарын түз билдирген аянтчага айланууда.
Бул бийликтин саясий пайдубалын бекемдейт: бир жагынан мыйзамдар кабыл алынган парламент болсо, экинчи жагынан бийлик ортомчуларсыз, бурмалоосуз, элдин кандай жашап жатканын түздөн-түз угуп, көрүп турган курултай бар. Жыйынтыгында өлкө жетекчилиги формалдуу отчётторду эле эмес, аймактардагы кырдаалдын реалдуу көрүнүшүн алат, бул тең салмактуу чечимдерди кабыл алуу үчүн принципиалдуу түрдө маанилүү", - деп белгилейт Марс Сариев.