Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасынын кызмат ордуна депутат Марлен Маматалиевдин талапкерлиги каралды.
Ага ылайык, Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигине 77 эл өкүлү “макул” жана 5 депутат “каршы” деп добуш берген.
Марлен Маматалиев 1981-жылы 24-мартта Бишкек шаарында туулган.
Билими:
- 1998–2002-жж. – И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, «Автоматташтыруу жана башкаруу» адистиги боюнча бакалавр;
- 2002–2003-жж. – аталган университет, «Техникалык системалардагы автоматташтыруу жана башкаруу» адистиги боюнча магистр;
- 2009–2010-жж. – Кыргыз экономикалык университети, «Финансы жана кредит» адистиги;
- 2011-ж. – Civil Service College (Сингапур), «Адам ресурстарын башкаруу»;
- 2019–2023-жж. – И. Раззаков атындагы КМТУ, аспирантура, техникалык илимдердин кандидаты;
- 2024-ж. – Кыргыз экономикалык университети, докторантура (PhD), «Экономика» багыты;
- 2024-ж. – Ж. Баласагын атындагы КУУ, «Юриспруденция» адистиги боюнча экинчи жогорку билим;
- 2024-ж. – РФ Президентине караштуу РАНХиГС, «Жетекчилер үчүн мамлекеттик башкаруунун чебери» программасы.
Эмгек жолу:
2003–2006-жж. – Социалдык фонддо маалыматтык системалар тармагында жетекчилик кызматтар;
2006–2008-жж. – Финансы министрлигинде маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
2008-ж. – Финансы министринин жардамчысы;
2007–2009-жж. – Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде бир катар жетекчилик кызматтар;
2009–2010-жж. – Өкмөт аппараты, биринчи вице-премьер-министрдин кеңешчиси;
2010-ж. – “Ар-Намыс” партиясынын аппарат жетекчиси;
2011–2012-жж. – Экономикалык тескөө министрлигинде статс-катчы;
2012-ж. – Өкмөт аппаратынын реалдуу сектор бөлүмүнүн башчысы;
2013–2016-жж. – “СУ-12” ЖАК башкармалыгынын төрагасы;
2016–2018-жж. – “Аллор Строй Сервис” ЖАК жана “Азия молл” соода борборунун башкы директору;
2018–2021-жж. – Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты;
2021-жылдан бери – Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы депутаты, “Ынтымак” фракциясынын лидери, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү.
Сыйлыктары:
- «КР Социалдык фондунун отличниги»;
- «КР финансы-экономикалык кызматынын отличниги»;
- «Соода-экономикалык иштин отличниги»;
- КР Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары;
- «ЖККУ парламенттик кызматташтыгын чыңдоо үчүн» медалы.
Самбо боюнча спорт чеберине талапкер, Бишкек шаарынын Самбо федерациясынын президенти.
Класстык чени — мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.