Марлен Маматалиев парламенттин мурдагы төрагалары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 1379 06 Июнь 2026 23:00
717630286_1312645617715324_1785979643375055520_n.jpg
718816493_1312645621048657_3131067154708993092_n.jpg
718190087_1312645747715311_6979285911405898498_n.jpg
718612410_1312653857714500_856207730006166603_n.jpg
Алдыга
Артка
717630286_1312645617715324_1785979643375055520_n.jpg
718816493_1312645621048657_3131067154708993092_n.jpg
718190087_1312645747715311_6979285911405898498_n.jpg
718612410_1312653857714500_856207730006166603_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламентти мурда жетектеген төрагалар менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште жүргүзүлүп жаткан реформалар менен тааныштырып, өзгөчө санариптештирүү иштерине, ошондой эле парламенттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө багытталган стратегиялык максаттарга жана милдеттерге токтолду.

Ал эми мурдагы төрагалар Жогорку Кеңеште ишке ашырылып жаткан өзгөрүүлөргө оң баа берип, президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктары арбын экенин билдиришти. Тактап айтканда, акыркы жылдары Кыргызстан экономика, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык кызматташтык сыяктуу негизги багыттар боюнча туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилешти.

Баарлашуунун алкагында өлкөнүн эл аралык аренадагы жетишкендиктерине өзгөчө көңүл бурулуп, анын ичинен Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы тарыхый ийгилик катары бааланды.

Муну менен катар, жолугушуунун катышуучулары Кыргызстан үчүн эл аралык маанидеги Шанхай кызматташтык уюмунун алдыдагы саммити тууралуу сөз кылышып, кыргыз маданий мурастарын даңазалоодогу жана башка мамлекеттер менен гуманитардык байланыштарды чыңдоодогу уникалдуу аянтча катары саналган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ролу боюнча пикирлерин билдиришти.

Мындан тышкары, Марлен Маматалиев мыйзам чыгаруу ишин бекемдөөгө жана парламентаризмди өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары үчүн мурдагы төрагаларга атайын төш белгилерди ыйгарды.