Мамлекет үчүн, эл үчүн иштеп берем – Марлен Маматалиев

Жогорку Кеңеш Загрузка... 12 Февраль 2026 16:24
633731233_1220164763630077_6110741695262624002_n.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Мамлекет үчүн, эл үчүн иштеп берем. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал өлкөдө аткарылып жаткан иштерге парламент өз салымын кошо берерин айтты.

“Мен болгон тажрыйбамды жумшап, биринчи кезекте эл үчүн, мамлекет үчүн иштеп берем. Бир команда болуп иштей беребиз деп ишенем. Президенттин жетекчилигинде реформалар жүргүзүлүп, мамлекет өнүгүп жатат. Буга Жогорку Кеңештин салымы өтө зор. Алдыда көп иштер жасалат. Биз дагы да салым кошо беребиз”, - деди Маматалиев.