Марлен Маматалиев Чоң-Алайдагы бир катар соцобъекттердин абалынан кабар алды

Аймак 16 Май 2026 23:00
image3 (7).jpg
image4 (4).jpg
image20 (3).jpg
image2 (5).jpg
image1 (6).jpg
image3 (6).jpg
image21 (1).jpg
image18 (3).jpg
image17 (3).jpg
image19 (3).jpg
image16 (3).jpg
image15 (2).jpg
image14 (2).jpg
image11 (4).jpg
image13 (3).jpg
image10 (2).jpg
image12 (2).jpg
image6 (4).jpg
image7 (3).jpg
image8 (3).jpg
image9 (3).jpg
image5 (3).jpg
Алдыга
Артка
image3 (7).jpg
image4 (4).jpg
image20 (3).jpg
image2 (5).jpg
image1 (6).jpg
image3 (6).jpg
image21 (1).jpg
image18 (3).jpg
image17 (3).jpg
image19 (3).jpg
image16 (3).jpg
image15 (2).jpg
image14 (2).jpg
image11 (4).jpg
image13 (3).jpg
image10 (2).jpg
image12 (2).jpg
image6 (4).jpg
image7 (3).jpg
image8 (3).jpg
image9 (3).jpg
image5 (3).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 16.05.26 /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Чоң-Алай районунда бир катар социалдык объектилердин абалы менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен да жолугушуу өткөрдү.

Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага Чоң-Алай айыл аймагынын Кызыл-Эшме айылында жайгашкан Ынакбай уулу Келдибек атындагы орто мектебине барып, билим берүү мекемесинин учурдагы абалы менен таанышты. Жолугушуунун жүрүшүндө мектептин материалдык-техникалык базасы, окуу класстарынын шарттары, мугалимдердин эмгек шарттары жана окуучулар үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди.

Марлен Маматалиев билим берүү тармагын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, аталган мектептин имараты эскирип, капиталдык оңдоого муктаж экенин билдирди.

Андан соң Жекенди айылында жайгашкан Кыргызстан атындагы орто мектебинин абалынан да кабар алды. Төрага мектеп жамааты менен баарлашып, билим берүү сапатын жогорулатуу, заманбап окуу шарттарын түзүү жана жаш муундардын келечеги үчүн мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чараларга токтолду. Ошондой эле аталган мектеп капиталдык оңдоого жана мектеп эмеректерин жаңылоого муктаж экенин белгилеп, бул багытта колдоо көрсөтүлөрүн айтты.

Ошондой эле акыркы жылдары өлкөдө мугалимдердин айлык маянасы көтөрүлүп, билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканы белгиленди.

Мындан тышкары, Марлен Маматалиев Шибээ айылында жайгашкан Изат Сулайманова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун абалы менен таанышты. Анда балдар үчүн түзүлгөн шарттар, тарбия берүү процесси жана мекеменин материалдык-техникалык базасы тууралуу маалыматтар айтылды.

Төрага мектепке чейинки билим берүү баланын калыптанышындагы эң маанилүү баскычтардын бири экенин белгилеп, бала бакчалардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын билдирди. Ошондой эле имараттын авариялык абалына байланыштуу объектти тиешелүү тизмеге киргизип, жаңы бала бакча куруу чечими кабыл алынды.

Мындан сырткары, мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору бала бакчаны келечекте кеңейтүүгө мүмкүн болгон аймакты жана жер тилкесин көрсөттү.

Иш сапарынын соңунда Дароот-Коргон айылындагы Маданият үйүндө жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүлдү. Анда тургундар тарабынан аймактагы жол, социалдык инфраструктура, билим берүү, саламаттык сактоо, ирригация жана чек арага байланышкан бир катар маселелер көтөрүлдү.