Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Фатваны аткаруу ар бир мусулмандын милдети – Гапуров

Коом Загрузка... 28 Май 2025 16:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Маркумдун сөөгүн жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү жөнүндө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатвасы чыкты. Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелет.

Фатвага үстүбүздөгу жылдын 20-февралында муфтий Абдулазиз Закиров кол койгон.

Ага ылайык, маркумду акыркы сапарга узатууда мал союуга, жыртыш таратып, кийит кийгизүүгө, эстеликтерди орнотууга тыюу салынды.

- Маркумдун үйүнөн алгачкы үч күн ичинде мал союлуп, келгендерге тамак-аш берүүгө тыюу салынат;

- Маркумга атап, үчтүк, бейшембилик, жетилик, жыйырмалыгы, кырктыгы, элүү экилиги, жылдыгы сыяктуу аталыштар менен мал союулар, тамак-аш берүү болбойт;

- Кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып “жыртыш” таратып берүү, “бел боо”, “ак кийди”, “көк кийди”- деген кийиттерди берүү ысырапкорчулукка жол берүү болот жана ага тыюу салынат;

- Мүрзөнүн үстүнө, мрамор таштардан, граниттен, темирден жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалгаланган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салынат.

Бул боюнча өлкө башчы Садыр Жапаров да 2024-жылы 14-октябрда “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу боюнча жарлыкка кол койгон.

Жарлыкта азыркы кыргыз коомунда маркумду жайга коюуда текебердик, ашыкча ысырапкорлук, диний каада-салттарды этибар албоо сыяктуу терс көрүнүштөр кездешери айтылган.

Тилекке каршы, жарлык, фатва чыгарылганы менен өлкөдө маркумду акыркы сапарга узатуудагы шаан-шөкөт токтобой келет.

“Кабар” маалымат агенттигине бүгүн Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын үгүт насаат жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Султанали Гапуров фатванын артыкчылыктары тууралуу айтып берет.

Чыгарылган фатва жана жарлык ар бир үй бүлөнүн жыргалчылыгы үчүн жасалган кадам

Эгерде ар бир жаран фатвалык чечимди колдосо, үй- бүлөнүн финансылык, социалдык абалы оңолмок. Кээде бир үй - бүлөдө аз убакыттын ичинде эки - үч сөөк чыгып калган учурлар болот. Катарлап жылкы, мал сойгон ар бир эле адамдын капчыгына туура келе бербейт. Баары эле бардар жашай беришпейт. Куру намыстанып алар насыя, карыз алышат. Болбоду дегенде үйдө болгон бар мүлкүнүн баарын сатат. Анан алган кредитти төлөй албай, ичип, тентип, үй - бүлө бузулат. Кредитти төлөгөн учурда деле, өзүнүн балдарынын ырыскысын туш тарапка чачып жиберген болот. Ал каражатка балдарын чоң окуу жайларга окутуп, билим алдырса болот. Ырыскыбызды болбогон шаан-шөкөткө чачпашыбыз керек.

Шарияттык чечимди аткаруу же аткарбоо ар бир адамдын өзүнүн укугу

Куранда Аллах Таала адамдын ыйманга келүүсү үчүн намаз жана башка парздарды аткаруусун буйруган. Бирок, Аллах Тааланын буйругун аткарбай жашагандар нечендеп саналат. Бүгүнкү күндө канчасы намаз окубай жүрөт. Фатва бул шарияттык чечим. Аны дагы аткаруу же болбосо аткарбоо ар бир адамдын өзүнүн эрки. Бирок, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы ушул чечимди аткаргыла деп жалпы журтка жар салып эле келе жатат. Албетте, шарияттык чечимди аткарса жакшы. Ал эми аткарбай койгон адамдарды биз айыптап же күнөөлөй албайбыз. Ислам дининде мындай нерсе жок. Сен мусулман болушуң керек деп эч кимди кыстап, аны мусулман кылууга болбойт. Ислам дини буга жол бербейт. Адамды эмнеге намаз окубай, парздарыңы аткарбай жатасың деп айыптоого болбойт. Мамлекет башчынын жарлыгы деле чыкты. Ал деле башка жумушу жок болуп, жөн жерден мындай жарлыкты чыгарган жок. Ушул нерсени жарандар өздөрү түшүнүүсү керек. Ар бир жаран өзү аракет кылышы керек.

Кыргызстандын мусулман дин башкармалыгынын шарияттык милдети айтып-жеткирүү

Диний кызматкер катары биздин шарияттын алдындагы, элдин алдындагы милдетибиз айтып-жеткирүү гана. Бүгүнкү күндө биздин жер-жерлердеги диний кызматкерлер фатванын аткарылышы, узатуудагы бардык шарияттык талаптарды айтып түшүндүрүп жатышат. Муну менен катар биз жума күндөрү жума намазга келгендерге эки саатык түшүндүрүү иштерин жасайбыз. Бирок, биздин жергиликтүү бийликке, башкаруу жана башка бийлик өкүлдөрүнө буйрук берүүгө укугубуз жок. Эгерде бийлик өкүлдөрүнүн семинар, форум сыяктуу иш-чараларды колдоого алып, демилгелеп беришсе, өз кезегинде биз көмөк көрсөтүүгө даярбыз.

Түштүк тарапта акыркы сапарка узатуудагы шаан-шөкөт бир аз кыскарды

Айрыкча Баткен облусунда. Толугу, менен токтоду деп айта албайбыз. Бирок, ошентсе дагы байкарлаарлык деңгээлде кыскарган аймактар бар. Буга чейин 5-6 жылкы союлган учурлар кездешчү. Азыр ал кыскарып, бир жылкы союлуп калды. Бул дагы болсо кубандырбай койбойт. Таптакыр, жок кылып коюш биздин менталитетке туура келбегендиктен бир аз оор болуп жатат. Бирок бара-бара токтойт деп ишенем.