Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Журналистика азыркы учурда да, келечекте да маанилүү кесип бойдон калат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев "Слово Кыргызстана" гезитинин 100 мааракесинде билдирди.
Анын айтымында, учурда кыргыз журналистикасы жалпы дүйнө жүзүндөгүдөй эле жаңы чакырыктарга туш болуп жатат. Жаңы технологиялардын, жасалма интеллекттин өнүгүшү, ошондой эле дүйнөдөгү геосаясий абалдын өзгөрүшү журналисттик кесипке түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.
"Ошондуктан биздин кесиптештер да заман талабына ылайык иш алып барып, бул өзгөрүүлөргө жоопкерчилик менен мамиле кылып, өз миссиясын так сезүүсү зарыл.
Бүгүнкү күндө журналист - жөн гана маалымат берүүчү эмес, бул талант, чыгармачылыкты жана жоопкерчиликти талап кылган кесиптин ээси. Журналист бул сөз багып, коомго багыт көрсөткөн адам. Биздин өлкөдө журналисттердин орду абдан чоң. Эгемендүүлүк алгандан бери бул кесипти "төртүнчү бийлик" деп атап келебиз, азыр да бул макам актуалдуулугун жоготкон жок. Кээ бирөөлөр он жыл мурун журналистика жоголот, баарынын колунда телефон бар, эми ар бир адам журналист болот деп айтып келишкен.
Бирок, азыркы заманда маалымат агымы ушунчалык көбөйүп кеткендиктен, чыныгы, так жана терең иликтенген маалыматка болгон муктаждык мурдагыдан да күчөдү. Ошондуктан чыныгы журналистиканын, кесипкөйлүктүн баркы дагы да жогорулап жатат. Журналистика азыркы учурда да, келечекте да маанилүү кесип бойдон калат",- деди ал.