Марат Иманкулов "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" доктринасына арналган форумга катышты

Коом 5 июнь 2025 16:45
502994285_1249407637193868_6575950128181605223_n (1).jpg
503987700_1249407747193857_3808558370540310047_n.jpg
503837738_1249407633860535_8396186002526352870_n.jpg
503849879_1249407683860530_931981791134084832_n.jpg
503418686_1249407680527197_2315805246246057921_n.jpg
503350966_1249407717193860_6418302689093870724_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек 05.06.25 /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» доктринасына арналган биринчи форумга катышты.

Марат Иманкулов өз сөзүндө Кыргызстандын бай тарыхын, мамлекеттүүлүккө салым кошкон көрүнүктүү инсандардын эмгегин атап өтүп,  мамлекеттин өнүгүүсүн, акыркы жылдардагы экономикалык өсүштү жана мекендин бүтүндүгүн, тынчтыгын сактоо үчүн армиянын коргоо жөндөмдүүлүгү чыңдалып жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле таалим-тарбия жана билим берүү чөйрөлөрү көңүл чордонунда экендигин жана президент Садыр Жапаровдун ырааттуу саясаты аркылуу Кыргызстан эли биримдикте, ынтымакта өнүгүүгө карай багыт алып жатканын баса көрсөттү.

Жазуучуларга кайрылып, агартуучулук ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, элибиздин мекенге болгон сүйүүсүн жана улуттук түпкүлүгүн таанып-билүүсүн күчөтүү максатында “Менин Кыргызстаным” аттуу китеп жазууну сунуштады.

Форумда салттуулук менен модернизациянын айкалышына, ошондой эле президенттик «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жол доктринасынын маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучулар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү руханий негиздер, коомдун биримдиги жана жарандардын жоопкерчилиги сакталган шартта гана мүмкүн экенин баса белгилешти.