Бишкекте “Уңгу жол – заман талабы” аталышындагы китептин бет ачары өттү

Коом 20 июнь 2025 09:30
WhatsApp Image 2025-06-19 at 13.13.51.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-19 at 13.13.52.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-19 at 13.13.52 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-06-19 at 13.13.51.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-19 at 13.13.52.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-19 at 13.13.52 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов 19-июнда К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде “Уңгу жол – заман талабы” аталышындагы китептин бет ачарына катышты.

Окутуучулардын тобу президенттин жарлыгы менен бекитилген Кыргызстандын "Улуттук дух - дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолуна арналган "Уңгу жол – заман талабы" китебин даярдашты.

Китеп уңгу жолдун негизги багыттарына арналган 4 бөлүмдөн турат: КР тарыхы, мамлекеттик тил, тарбия маселелери (этнопедагогика), кыргыз философиясынын баалуулуктары, курчап турган чөйрөнү коргоо, кыргыз жаранынын негизги баалуулуктарын сактоо.