Марат Иманкулов ШКУнун Элдик дипломатия форумунда сөз сүйлөдү

Коом Загрузка... 05 Июль 2025 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 05.07.25./Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов Кытайдын Шэньян шаарында өтүп жаткан ШКУнун Элдик дипломатия форумунда жана Бир тууган шаарлар форумунда «Элдик достукту бекемдөө, туруктуу өнүгүүнү илгерилетүү» темасында баяндама жасады.

Иш-чарага ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрү, шаарлардын, аймактардын, коомдук жана илимий чөйрөлөрдүн жетекчилери гуманитардык жана муниципалдык тармактарда өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоо үчүн катышты.

«Дүйнөдө диалог, өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык өтө жетишпей жатат. Заман талабындагы чакырыктарга биргелешип жооп кайтарууда дал ушул элдик дипломатия маанилүү ролду ойнойт. Шанхай кызматташтык уюму өз ара ишенимге, пайдага, тең укуктуулукка жана биргелешип өнүгүүгө умтулуунун негизиндеги эл аралык мамилелердин моделин көрсөтүп жатат», - деп белгиледи мамлекеттик катчы.

Ал кыргыз-кытай өз ара аракеттенүүсүнүн оң динамикасын белгилеп, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун КЭРге болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк орнотулганын, Кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө биргелешкен декларацияга жана бир катар мамлекеттер аралык макулдашууларга кол коюлганын баса белгиледи. Мындан тышкары, эки өлкөнүн 35тен ашык бир тууган шаарлары өз ара тыгыз кызматташууда.

Марат Иманкулов ошондой эле 2026-жылы өлкөдө Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында уюмга мүчө-мамлекеттердин регион башчыларынын форумун өткөрүү ниети бар экенин билдирип, анын санариптештирүү, туруктуу өнүгүү жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу боюнча чечимдерди иштеп чыгуу аянтчасы катары маанисин белгиледи.

Электрондук сооданы жана санариптик кооперацияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул тармактагы кызматташтыкты бекемдөөнүн алкагында Кыргызстан ШКУнун Жаштар санариптик форумун өткөрүүнү пландаштырууда.

Сөзүнүн аягында мамлекеттик катчы Марат Иманкулов элдик дипломатия – бул маданий диалог гана эмес, мамлекеттерибиздин туруктуу келечегине инвестиция экенин белгиледи. Кыргызстан бардык багыттар боюнча, анын ичинде гуманитардык, билим берүү, туристтик жана экономикалык жаатта кызматташууга ачык.