Марат Иманкулов Москвада Улуу Жеңишке арналган илимий конференцияга катышты

Саясат Загрузка... 26 Апрель 2025 09:14
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 26.04.25. /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Катчылыгы жана Бириккен штабы тарабынан уюштурулган "ЖККУга мүчө-мамлекеттердин элдеринин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке кошкон
салымы" деген темада эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, иш-чара Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Москва шаарындагы Борбордук музейинде өттү.

Конференция башталганча катышуучулар ЖККУнун төрагасы, президент Садыр Жапаровдун видеокайрылуусун угушту.

Марат Иманкулов сөз сүйлөп жатып, Кыргызстандын уул-кыздарынын эрдигине жана өз жанын аябоочулугуна токтолду, алар милдеттерин сезүү жана мекенчилдик туйгулары аркылуу Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда салгылашып, партизандык кыймылга катышып, Европанын нацисттер басып алган өлкөлөрүндө Каршылык көрсөтүү кыймылынын катарына кошулушкан.

Ал ошондой эле кыргызстандыктардын тылда – өндүрүштө, айыл чарбасында Жеңишке кошкон салымын баса белгиледи, алар курчоодо калган Ленинграддын жарадар жоокерлерин жана көтөрүм болгон балдарын куткарып, өздөрүнүн (көбүнчө акыркы) жыйган-тергенин курмандыкка чалган, блокадачыларга жана армия жоокерлерине жөнөтмөлөрдү жана колдоо каттарын жөнөтүп турушкан.

Бүгүнкү күндө эң негизгиси - баатыр ата-бабаларыбыздын элесин жүрөгүбүздө алып жүрүү, алардын аркасы менен асманыбыз ачык, тынчтыкта жашап жатабыз.

"Биз Жеңиштин чыныгы духуна каныгуубуз үчүн алар мүмкүн болгон жана мүмкүн болбогон нерселердин бардыгын жасашты. Алардын жаркын элесине арнап, биз өзүбүздү жеңүүчүлөрдүн урпактарындай алып жүрүүгө укуктуубуз жана тийишпиз. Ошол согуш тууралуу чындыкты ачык айтып, тарыхый эс-тутумубузду өчүрүүгө болгон жалган жана эки жүздүү аракеттерге бекем туруштук берүү биздин милдет", - деди Марат Иманкулов.