Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жумушчу жолугушуусуна катышты.
Министрликтен маалымдашкандай, жыл сайын өткөрүлүп келген жолугушууда БУУнун Уставында камтылган максаттарды жана принциптерди ишке ашыруу контекстинде ЖККУнун алкагындагы кызматташуунун аспектилери боюнча кеңири пикир алмашуу болду.
Жамааттык коопсуздуктун натыйжалуулугун жогорулатуу, пайда болгон кыйынчылыктарга тез арада жооп кайтаруу жана аймакта тынчтыкты жана өнүгүүнү сактоо үчүн Уюмдун ишмердүүлүгүн БУУ жана башка эл аралык түзүмдөр менен координациялоонун мааниси өзгөчө баса белгиленди.
Министрлер ошондой эле 11-ноябрда Москвада өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.