ЖККУнун башкы катчысы менен Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы уюмдун ишин талкуулады

Саясат 981 07 Май 2026 23:35
690719785_1002793382406736_9042551767298858324_n.jpg
691030535_1002793379073403_8018565780279563114_n.jpg
690737321_1002793405740067_3528565085618459309_n.jpg
Алдыга
Артка
690719785_1002793382406736_9042551767298858324_n.jpg
691030535_1002793379073403_8018565780279563114_n.jpg
690737321_1002793405740067_3528565085618459309_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.05.26. /Кабар/. 5-майда ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу менен жолугушту.

Таалатбек Масадыков Сергей Шойгуга ушул жылдын биринчи жарымында ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары менен болгон жолугушууларынын жыйынтыктары, ошондой эле 2025-жылдын ноябрь айындагы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планынын жүрүшү жана Россиянын төрагалыгы учурундагы уюмдун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди.

Тараптар ошондой эле 26-майда өтө турган ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин жыйынынын күн тартибин жана уюмдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Россиянын 2026-жылы ЖККУга төрагалыгы "Көп полярдуу дүйнөдө жамааттык коопсуздук: жалпы максат, биргелешкен жоопкерчилик" деген ураан астында өтүүдө.