Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Коргоо министрлигинин аскердик контингенти ЖККУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен машыгууларына катышат.
Ведомствонун маалыматына караганда, аскердик контингент 20-сентябрда машыгуулар өтө турган жерге жөнөп кеткен. Иш-чаралар 20-сентябрдан 3-октябрга чейин Россиянын Чебаркуль полигонунда өтөт.
Кыргызстандык аскерлер "Өз ара аракеттенүү-2026", "Издөө-2026" жана "Эшелон-2026" биргелешкен машыгууларына, ошондой эле стратегиялык командалык-штабдык "Борбор-2026" машыгуусуна катышат.