Марат Иманкулов Москвада өткөн эл аралык фестивалга катышты — Кабар

Марат Иманкулов Москвада өткөн эл аралык фестивалга катышты

Саясат 2 ноябрь 2025 09:40
574546365_1384420650359232_558195407258069260_n.jpg
573062174_1384420677025896_6312320889719658060_n.jpg
573614373_1384420670359230_7977297895969182929_n.jpg
573845533_1384420647025899_4180010680986935562_n.jpg
Алдыга
Артка
574546365_1384420650359232_558195407258069260_n.jpg
573062174_1384420677025896_6312320889719658060_n.jpg
573614373_1384420670359230_7977297895969182929_n.jpg
573845533_1384420647025899_4180010680986935562_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 02.11.25. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов 2025-жылдын 31-октябрынан 5-ноябрына чейин Москва шаарында өтүп жаткан “Россия жана КМШ элдери” эл аралык фестивалына катышты.

Иш-чара көп улуттуу элдердин руханий улуттук баалуулуктарын, тарыхый мурастарын жана маданиятын бекемдөөгө багытталган.

Фестивалдын пленардык бөлүгүндө Марат Иманкулов Кыргызстан гуманитардык жана маданий кызматташтыкты улуттук коопсуздукту, руханий биримдикти жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоонун негизги багыттарынын бири катары карай турганын баса көрсөттү.

Мамлекеттик катчы Кыргызстан, Россия жана КМШ өлкөлөрүн бириктирген терең тарыхый жана маданий байланыштарды белгилеп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы адамзаттын руханий биримдигинин символу экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал Кыргызстанда жаштарды руханий-адептик жана маданий жактан тарбиялоого багытталган “Евразия жаштары – жалпы келечек” программасы, ошондой эле тарыхый эстутумду сактоого арналган “Тирүү тарых” долбоору ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын билдирди.