Марат Иманкулов БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү менен жолукту

Коом Загрузка... 26 Июнь 2025 16:18
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар узак мөөнөттүү кызматташтыкты чыңдоого умтуларын ырасташты. Александра Соловьева БУУӨПтүн ишмердүүлүгү "Кыргызстан – 2040" узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясынын, 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын, ошондой эле башка негизги стратегиялык документтердин артыкчылыктарына толугу менен шайкеш келерин баса белгиледи.

Социалдык биримдик, коопсуздук, маданий жана руханий өнүгүү жана элдин ынтымагын чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап тең ишенимге жана натыйжалуу өнөктөштүккө негизделген ийгиликтүү кызматташтыкты, ошондой эле тынчтыкты орнотуу, жаштар демилгелери жана жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги тынчтык инфраструктурасын өнүктүрүү маселелеринде кызматташуу мүмкүнчүлүгүн белгилешти.

БУУӨП Кыргыз Республикасы менен жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча да, туруктуу өнүгүүнүн кеңири күн тартибинин алкагында да, анын ичинде натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, климаттык туруктуулук, социалдык интеграция жана инклюзивдүү экономикалык өсүш боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууга жана кеңейтүүгө даярдыгын ырастады.