Марат Иманкулов БА өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйынына катышты — Кабар

Марат Иманкулов БА өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйынына катышты

Саясат 19 апрель 2025 11:30
WhatsApp Image 2025-04-18 at 19.25.11.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-18 at 19.25.12.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-04-18 at 19.25.11.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-18 at 19.25.12.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 19.04.25 /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын экинчи жыйынына катышты.

Марат Иманкулов өз сөзүндө аймактык коопсуздукка таасир этүүчү учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде терроризмге, экстремизмге, радикалдашууга жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маселелерге токтолду.

Иш-чарада Борбор Азиядагы экологиялык, суу-энергетикалык жана транспорттук коопсуздук маселелери талкууланды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы аймактык демилгелерди өнүктүрүү ишеним, алдын ала божолмолдоо жана узак мөөнөттүү стратегия принциптерине негизделиши керектигин белгиледи.

«Региондун жана биздин ар бир элдин кызыкчылыгына жооп берген биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн мамлекеттерибиздин консолидацияланган позициясы зарыл», - деп баса белгиледи Марат Иманкулов.