"Маңка-Жар" коктусундагы селден коргоочу дамба көзөмөлдө - Бишкек мэриясы

Коом 26 Март 2025 09:50
486636339_1088734516635735_8419410453263004663_n.jpg
486677622_1088734569969063_5852523418022469850_n.jpg
486670288_1088734506635736_306683539433078058_n.jpg
486420699_1088734513302402_2659518377093498989_n.jpg
Алдыга
Артка
486636339_1088734516635735_8419410453263004663_n.jpg
486677622_1088734569969063_5852523418022469850_n.jpg
486670288_1088734506635736_306683539433078058_n.jpg
486420699_1088734513302402_2659518377093498989_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. "Маңка-Жар" коктусундагы селден коргоочу дамба көзөмөлдө.

Муниципалиттен билдиришкендей, "Маңка-Жар" коктусундагы селден коргоочу дамбаны тазалоо боюнча мурда көрүлгөн чаралардын алкагында нөшөрлөп жааган жамгырга карабастан, жазгы суу ташкынынын кесепеттерин болтурбоого мүмкүн болду.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө суунун деңгээли көзөмөлгө алынып, коктуда сууну сордуруу иштери жүрүп жатат. 3 бирдик атайын техника тартылып, 2400м3 топурак чыгарылды.

Иш-чара шаардык кызматтын адистери тарабынан КР ӨКМнин башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Маңка-Жар коктусундагы селден коргоочу дамбадан суу чыгып, анын кесепетинен Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдү жана үйлөрдү (акыркы үч жылда 240 үй) сел каптаган.