Бообек Ажикеев Баткен облусундагы сел кооптуулугу бар аймактарды көзөмөлгө алды

Аймак 25 Март 2025 16:25
481215958_1056160919889967_1687672376834908412_n.jpg
486180026_1056160773223315_46772757891321730_n.jpg
486255399_1056160986556627_6932357876610501128_n.jpg
482135161_1056160766556649_4983301203942393589_n.jpg
486387969_1056160859889973_6490584106400094558_n.jpg
486131128_1056161003223292_6691847711623651292_n.jpg
486104389_1056160829889976_1928743900212691789_n.jpg
486011802_1056161019889957_3640529032252330_n.jpg
486413998_1056160906556635_8740502235015677600_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. ӨКМ министри Баткен облусундагы сел кооптуулугу бар аймактарды көзөмөлгө алды.

Ведомстводон билдиришкендей, бүгүн, 25-мартта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусуна иш сапары менен барып, Лейлек районунун жана Раззаков шаарындагы кооптуу аймактарды жеринен көрүп чыкты.

Маалым болгондой, шаардагы Жаңы-Конуш участкасында сел өткөрүүчү канал жана темир-бетон тосмолору курулууда. Атап айтканда, 550 метр узундуктагы сел каналын жана 826 метр сел тосмосун куруу мерчемделген.

Ал эми буга чейин көйгөй жаратып келген Кара-Таш, Чимген (Шор-Булак сай) жана Чыгыш көчөсүндөгү селдин нугу ачылып, темир-бетон тосмолору жана сел өткөрүүчү каналдарын куруу пландалууда.

Эске салсак, өткөн жылдын 24-июнунда катуу жааган жаандан улам Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагында сел жүрүп, келтирилген зыян 101,6 млн сомго жеткен. Селден турак жай, ички чарбалык жолдор, мектеп жана оорукананын имараты жабыр тартып, тилекке каршы бир бала каза болгон.

"Министр мындай табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштерин күчөтүү боюнча тиешелүү тараптарга тапшырма койду",-деп айтылат маалыматта.