Бостериде катуу жаандын кесепети жоюлду

Аймак 25 сентябрь 2026 09:15
copyright icon ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Кечээ, 24-сентябрда катуу жааган жаандын кесепетинен Ысык-Көл районунун Бостери айылында Кызыл-Чап сел өтүүчү каналдан суу ташып, эки турак үйдүн короосун суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жерине 8 куткаруучу, мэриядан 9 кызматкер жана атайын унаалар тартылып, суунун нугу бурулуп, суу каптоо коркунучу жоюлган.

Ошондой эле эки турак үйдүн короолоруна кирген суу тазаланган.

Белгилей кетсек, аталган Кызыл-Чап каналы Чолпон-Ата шаардык мэриясынын карамагында турат. Буга чейин каналындын нугун кеңейтүү максатында курулуш иши жүрүп жаткан.