Бишкек, 23.10.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Манас шаарынын тургунун облустук оорукананын аймагындагы жеке менчик бейтапканасына байланышкан маселесин чечип берүүнү суранды.
Мындай тапшырманы мамлекет башчысы Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушууда берди.
Манас шаарынын тургунунун айтымында, ал 2012-жылы облустук ооруканадан муниципалитетке караган 2,5 сотыхтан ашык жерди 49 жылга ижарага алып, ал жерге жеке менчик бейтапкана курган. Ижара келишими 2016-жылы узартылган. Имаратты курууга үй-бүлөсү чет өлкөдө миграцияда жүрүп тапкан каражатын инвестиция катары жумшаганын билдирди.
Мамлекет башчысы жер тилкеси убагында коррупциялык жол менен берилгенин белгилеп, маселени облустук деңгээлде чечүүнү тапшырды.
“Маселени чечип, чекит койгула. Бул бейтапкананы 49 жылга калтырасыңарбы же башка жакка жылдырыш керекпи? Эгер жылдыруу керек болсо, буга кимдер күнөөлүү? Имаратты курууга булардын каражаты кеткен”, — деди президент.