Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Манас шаарында 6,8 млрд сомго бааланган филармониянын курулушу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.
Ал бул каражатка аймактагы мектептерди жаңылоо пайдалуу болот деп эсептейт.
"Бир филармонияны курууга караганда авариялык абалдагы мектептерди жаңылоо артык. Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 27 мектеп авариялык абалда турат жана дагы 3 бала бакча жаңы имаратка муктаж. Ушуга байланыштуу Манас шаары үчүн 6,8 млрд сомго бир ири филармония курууга караганда, аталган каражатты зарыл болгон социалдык муктаждыктарга багыттап, ондон ашык жаңы мектепти куруу – убакыт талабына жооп берген туура чечим болуп эсептелет", - деди министр.
Орунтаев филармония куруу долбоору кайрадан каралып чыгарын белгиледи.
"Аймактын өзгөчөлүгүн жана муктаждыктарын эске алуу менен келечекте чакан форматтагы филармония куруу мүмкүнчүлүгү да каралат", - деди ал.