Манаска 30 миң адамга ылайыкталган стадион курулат

Аймак 31 октябрь 2025 09:50
Манаска 30 миң адамга ылайыкталган стадион курулат

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Манас шаарына 30 миң адамга ылайыкталган стадион курулат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында билдирди.

Ал белгилегендей, стадион эмки жылы аэропорттун ордуна курула баштайт.

“Аэропорттун орду 80 гектарды түзөт. Ал жерге жаңы типтеги шаар курулат. Шаарга республикада экинчи орунда турган 30 миң орундуу стадион курулат. Эмки жылы аэропорт чыгып кетсе, курулушу башталат”, - деди ал.