Авиация тармагындагы өсүш. 9 айда 4,5 млн жүргүнчү, 38 миңден ашуун рейс, 20 миң тонна жүк ташылды

Коом Загрузка... 09 Октябрь 2025 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө "Кыргызстан аэропорттору" ААК – бул 11 иштеп жаткан аэропорт жана бир максат менен бириккен миңдеген кесипкөй адистер: өлкө ичиндеги жана анын чегинен тышкаркы каттамдарды ыңгайлуу, коопсуз жана жеткиликтүү кылуу. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, 2025-жыл чындап эле өзгөчө жыл болду. Өлкөнүн аймактарындагы бардык региондук аэропортторду масштабдуу модернизациялоо аяктап, Нарында жана Казармандагы аэропорттор кайрадан ачылды. Бул – алдыга жасалган чоң кадам, эми өлкөнүн ар бир облусу заманбап авиабайланышка ээ болду.

WhatsApp_Image_DwZeXWM.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Ошол эле учурда Жалал-Абадда, Ошто жана Ысык-Көлдө жаңы аэропорттордун курулушу жүрүп жатат. "Манас" эл аралык аэропортунда аэробекеттин имаратын масштабдуу реконструкциялоо башталды, ал 18 миң чарчы метрге чоңойот. Учуп-конуу тилкеси толугу менен жаңыланды, алдыда Оштогу аэропортту реконструкциялоо иштери турат.

"Бул иштер аяктагандан кийин өлкөнүн эки ири аэропорту III категориядагы жарык-сигнал системалары менен жабдылды, бул татаал аба ырайы шартында да учактарды кабыл алууга жана жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул жылдын тогуз айында Кыргызстандын аэропорттору 4,5 миллиондон ашык жүргүнчүнү жана 38 миңден ашык рейсти тейледи. "Манас Менеджмент" компаниясы 20 миң тонна жүк ташып, өлкөнүн транспорттук потенциалын жана анын эл аралык логистикалык чынжырчалардагы ордун бекемдеди", — деп билдирди.

Ошондой эле ал улуттук кадрлардын авиацияга кайтып келип жатканы өзгөчө кубандырарын белгиледи. Эгер мурда кыргызстандык бир гана командир болсо, бүгүнкү күндө алардын саны тогузга жетти, ал эми 15тен ашык учкуч чет өлкөлөрдө — Австрияда, Эфиопияда жана Индияда билим алышты. "Asman Airlines" флотунда үч аба кемеси бар, ал эми кийинки жылы жаңы Airbus A320 жана төртүнчү Dash Q-400 учагы келет.