"Манас" аэропортунан Кырчынга чейин: Электр тармактары текшерүүдөн өтүүдө

Коом 21 Август 2026 13:45
1096934752_0_161_3071_1888_1920x0_80_0_0_0755bcc3db014b17fc8d8311982e0e90.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда алдыдагы жогорку деңгээлдеги иш-чараларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн ири объекттерде жана электр тармактарында даярдык иштери жүргүзүлүп, кошумча генераторлор орнотулду. Бул тууралуу “Кыргыз улуттук электр тармагы” ААКнын Өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Исмаилов "Кабар" агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, даярдык иштери “Манас” эл аралык аэропортунан тартып Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосуна чейинки аймактарда жүргүзүлдү.

“Мисалы, Чүй облусунда, Бишкек шаарында “Манас”, “Кыргызстан” көмөк чордондорунда, Ысык-Көлдө “Долинка” көмөк чордонунда иштер жүрүп жатат. Маданий иш-чаралар өтүүчү этношаарда эски чубалгыларды алмаштыруу, жаңы трансформаторлорду орнотуу иштери жүргүзүлдү”, - деди ал.

Исмаиловдун маалыматына караганда, ири объекттердин ар биринде генераторлор орнотулган. Ошондой эле иш-чаралар өтүүчү объекттерди электр энергиясы менен камсыз кылган көмөк чордондор жана электр чубалгылары текшерүүдөн өткөрүлдү.

“Электр энергиясын түндүк тарапка жеткирген чубалгыларыбыздын бардыгы Токтогул ГЭСинен баштап текшерилди. Иш-чаралар өтүүчү “Бишкек Арена” стадиону сыяктуу ири объекттерге электр энергиясын берген көмөк чордондор бар. Стадиондун жанында атайын электр кубатын берүүчү “Мурас” көмөк чордону салынган”, - деди ал.

Учурда компаниянын комиссиясы даярдык көрүлгөн объекттерди жеринде текшерип жүргөнү кошумчаланды.