Өзбекстандагы Кыргыз маданий борборуна боз үй берилди

Маданият Загрузка... 27 Ноябрь 2025 16:27
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 27.11.25. /Кабар/. "Манас" улуттук театры Ташкент облусунун Бөкө районундагы Кыргыз маданий борборуна боз үй белек кылды. Бул тууралуу Ташкент облусунун маданий борбордун төрагасы Хамид Аширматов билдирди.

Иш-чарада Манас улуттук театрынын директору Нурбек Талантбеков сөз сүйлөп, президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен Кыргызстанда Манас осуяттары жана улуттук нарк-дөөлөттөргө таянган маанилүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

"Бүгүнкү кадам да ошол жалпы ой-тилекке шайкеш келген үлгүлүү демилгелердин бири. Жаштар тарыхын, руханий мурасын унутпай, улуттук тамырын терең таанысын деген ниет менен бул белекти алып келдик", — деди ал.

Белгилүү манасчы Рысбай Исаков боз үйдүн маани-маңызын түшүндүрүп, аны кыргыздын салттуу көчмөн жашоосунун, маданиятынын, руханий дүйнөсүнүн, жаратылыш менен шайкештиктин символу экенин белгиледи. Ал боз үй ынтымактын, токчулуктун достуктун очогу болуп, Манас урааны ар дайым жаңырып турсун деген ак батасын берди.

Эске салсак, аталган филиал былтыр ноябрда ачылган. Бөкө районунда учурда 20 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт жана аймакта беш кыргыз орто мектеби иштеп келет.