"Манас" театры Египетте кыргыз маданиятын таанытты

Маданият Загрузка... 08 Февраль 2026 10:40
5.jpg
copyright icon Кыргыз улуттук "Манас" театры

Бишкек, 07.02.26. /Кабар/. Кыргыз улуттук "Манас" театры президенттин "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолун ишке ашыруу алкагында Египетте жашап, эмгектенип жүргөн мекендештер менен руханий жолугушуу өткөрдү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара чет өлкөдөгү кыргыз диаспорасы менен маданий байланышты бекемдөөгө жана улуттук руханий баалуулуктарды сактоого багытталды.

Жолугушууда "Манас" эпосунун тарбиялык жана тарыхый мааниси, манасчылык, төкмө акындык жана дастанчылык өнөрдүн ролу тууралуу сөз болду. Мекендештер кыргыз маданиятына жана мекенге болгон сагынычын билдиришти.

Театр жетекчилиги эл аралык долбоорлор жана келечек пландар боюнча маалымат берип, чет өлкөдөгү кыргыз коомчулугу менен кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Жолугушуунун жыйынтыгында маданий-гуманитардык багытта биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашуу болду.

Бул жолугушуу Египеттеги мекендештер менен узак мөөнөттүү кызматташтыкка негиз түздү.