Mанас Сup 2025: Кыргызстандык футболчулар 30 миң доллар утту

Спорт 19 Ноябрь 2025 09:12
584245022_1298767502293637_9149065773674300527_n.jpg
584612428_1298767505626970_6264026015148526790_n.jpg
585276156_1298767552293632_6760817941494875764_n.jpg
585301907_1298767478960306_578702703335507666_n.jpg
585306597_1298767498960304_1257878629537319750_n.jpg
585343402_1298767448960309_3349789651925089141_n.jpg
585353354_1298767475626973_7909498970436226899_n.jpg
585354660_1298767455626975_6166977567562421505_n.jpg
585376510_1298767398960314_7028746703583931140_n.jpg
586342048_1298767458960308_8726498227039547712_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Күн мурун Манас шаарында эл аралык Mанас Сup 2025 (U-23) эл аралык футбол мелдеши жыйынтыкталды.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, мелдештин жыйынтыкталуучу күнү Кыргызстандын олимпиадалык курамасы Россияга каршы беттешип, оюн 8:0 эсебинде коноктордун жеңиши менен жыйынтыкталды.

Эске салсак, Кыргызстандын олимпиадалык курамасы алгачкы беттешинде Бахрейн менен ойноп 2:1 эсебинде, ал эми 15-ноябрь күнү Иран курамасына каршы беттеште 2:1 эсебинде жеңген.

Жалпы мелдештин жыйынтыгы:

  • 1-орун - Россия (9 упай) - 50 миң доллар;
  • 2-орун - Кыргызстан (6 упай) - 30 миң доллар;
  • 3-орун - Иран (3 упай) - 20 миң доллар;
  • 4-орун - Бахрейн (0 упай) - 10 миң доллар.

Белгилей кеисек, Mанас Сup 2025 салттуу мелдешке айланып, жаш курама командалардын өз ара тажрыйба алмашуусуна, эл аралык деңгээлдеги оюн практикасын жогорулатууга жана достук мамилелерди чыңдоо максатын көздөйт.

Андан сырткары, бул эл аралык мелдештин алкагында Кыргызстандын курама командасы 2026-жылкы Азия кубогунун финалдык баскычына даярдык көрдү.