Манас шаарынын "Тазалык" ишканасына атайын техникалар берилди

Аймак 745 12 Март 2026 17:39
649653113_2033622614171659_6845752578540168495_n.jpg
648142056_2033617914172129_8823135099120305681_n.jpg
649673194_2033645420836045_4250998412969098474_n.jpg
650353290_2033622394171681_7750655332627984985_n.jpg
650816310_2033645384169382_8645697306073043240_n.jpg
651193236_2033645377502716_8899862293736879517_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Манас шаарынын "Тазалык" муниципалдык ишканасына 4 даана көп тармактуу, кар тазалоочу кичи трактор тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын техникаларды сатып алууга Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунан 7 млн 100 миң сом бөлүнгөн.

Облус башчысы Тилек Текебаев жаңы техникалар шаардын тазалыгын сактоодо, өзгөчө кыш мезгилинде кар тазалоо иштерин ыкчам жана сапаттуу жүргүзүүдө маанилүү ролду ойной турганын белгиледи.

Ошондой эле ал шаардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган долбоорлор мындан ары да колдоого алынарын кошумчалады.