Манас шаарынын деталдык планын түзүү боюнча жыйын өттү

Аймак 22 октябрь 2025 11:44
548116334_2537300600001608_1769567654959071507_n.jpg
568529109_1324517785813934_4076527679306553833_n.jpg
Алдыга
Артка
548116334_2537300600001608_1769567654959071507_n.jpg
568529109_1324517785813934_4076527679306553833_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. Күн мурун Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинде Жалал-Абад облусундагы Манас шаарынын деталдуу планын түзүү боюнча жыйын өттү.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жыйынга департаменттин директорунун орун басары Данияр Бапышов, Манас шаарынын мэриясынын, Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Геодезия жана картография боюнча мамлекеттик башкармалыктын кызматкерлери, ошондой эле Жер пайдалануу жана куруу эрежелерин иштеп чыгуучулардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар чечимдер кабыл алынды.

Аталган чечимдер Манас шаарынын башкы планын ишке ашыруудагы деталдуу план түзүү долбоорун иштеп чыгуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.