Манас шаарындагы мектептерге 100 интерактивдүү доска тапшырылды

Аймак 11 октябрь 2025 17:00
557725855_1656865721939096_3054535086803227556_n.jpg
557822815_1656865715272430_3404153716983672421_n.jpg
558430877_1656865645272437_1921524720338134727_n.jpg
559110658_1656865638605771_8644326377597653204_n.jpg
559561726_1656865748605760_8031470703148761247_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 11.10.25. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Манас шаарындагы мектептерге 100 интерактивдүү доска тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Иш-чарага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Байзаков жана мектеп директорлору катышты.

Ташиев интерактивдүү доскалар окуучулардын билим сапатын жогорулатууга жардам берерин белгилеп, билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты. Ошондой эле шаарда дагы 10 жаңы мектепке муктаждык бар экенин, бул маселе жакынкы үч жылда чечилерин билдирди.

Манас шаарында учурда 29 мектеп жана 31 бала бакча иштейт.