Манас шаарындагы ири объектилер Курулуш министрлигинин көзөмөлүнө өтөт

Аймак 18 Март 2026 17:05
654409736_2038207843713136_149186408147842303_n.jpg
650073534_2038204510380136_6590331085374376741_n.jpg
650834582_2038204567046797_5200631810158952512_n.jpg
652130605_2038207957046458_6474032365185054197_n.jpg
654824296_2038208077046446_7217035495964344135_n.jpg
652329943_2038207887046465_8702067197617043878_n.jpg
652683245_2038207893713131_4157684633128348785_n.jpg
653474885_2038207873713133_4854296939026255243_n.jpg
653480677_2038208017046452_6045104495738980780_n.jpg
653694816_2038207983713122_5349004221797689832_n.jpg
653704697_2038208197046434_5158529929994792253_n.jpg
653836332_2038208170379770_8189043709891259632_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Манас шаарындагы ири объектилер Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин көзөмөлүнө өткөрүлөт. Бул тууралуу министр Нурдан Орунтаев подрядчы компаниялардын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууда айтканын президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде 5 200 орундуу спорт сарайы, облустук оорукананын 7 кабаттуу кошумча имараты, "Акылман" президенттик лицейи, Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясынын илимий борбору, шаардык музейдин имараты жана Көк-Арт дарыясынын жээгинде курулуучу насостук станция бар.

Мындан тышкары, Манас шаарында 6 млрд 800 млн сомго курулуп жаткан облустук филармониянын курулушу убактылуу токтотулат. Анын долбоору кайрадан каралып чыгып, кийинки этапта объекттин көлөмүн кыскартуу мүмкүнчүлүгү каралары айтылды.

Ошондой эле министрлик Сузак районунун Багыш айылындагы эс алуу багынын жана Чаткал районундагы оорукананын курулушун көзөмөлгө алат.

Орунтаев бул чаралар президенттин тапшырмасына ылайык, курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө, объектилерди өз мөөнөтүндө бүткөрүүгө жана бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууга багытталганын белгиледи. Ошондой эле Манас шаарындагы башка курулуш иштеринин жүрүшү белгиленген тартипте улантыларын кошумчалады.