Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. Бүгүн Манас шаарынын «Азаттык» аянтында жаңы жылдык балатынын оту жандырылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, орнотулган балатынын бийиктиги 27 метрди түзөт.
Балатыны жана аянтты жасалгалоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 800 миң сом каражат жумшалды. Шаар бийлиги бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында ашыкча чыгымдарга жол берилбегенин белгилейт.
Белгилей кетсек, аталган жаңы жылдык балаты 2018-жылы сатып алынган.