Манас шаарында жаңы саркынды сууларды тазалоочу жай пайдаланууга берилди

Аймак 30 октябрь 2025 16:34
13c08860-6c03-497e-ac65-cafbbe95fbb2.jpg
03b6a22a-2a51-438b-8d98-c204af2fc129.jpg
3edf170c-534f-42a5-a0aa-939a37fe4099.jpg
5caf88c1-a8de-47c4-8e4e-3fc2be5f3322.jpg
9f1a0b9e-33c5-4937-a2e3-ee29d561414c.jpg
17fe15b7-5db3-4bca-927b-54f2df560a6e.jpg
46ddc81e-8625-4797-bd37-34787449e4bd.jpg
179c7fd7-3c52-4c61-a077-9e9497d8ea36.jpg
23427b9c-c184-4ddd-8120-f66c30101ffc.jpg
42196b88-1202-4508-a60e-7944832c4a50.jpg
d1ccce66-8e30-4edc-a15f-61c98387d5b1.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Манас шаарынын мэриясы

Бишкек, 30.10.25. /Кабар/. Бүгүн Манас шаарынын "Манас сууканал" башкармалыгынын №2 саркынды сууларды тазалоочу жайында жаңыдан курулган курулмалар, реконструкциялоодон өткөрүлгөн имараттары пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов жана “ Манас Сууканал” башкармалыгынын эмгек жамааты катышты.

Саркынды сууларды тазалоочу жай Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан каржыланып, жалпы 5 млн. 489 430 евро акча каражат сарпталды. Ага административдик-чарбалык имарат толугу менен реконструкциялоодон өткөрүлүп, механикалык тазалоочу, биологиялык тазалоочу жай, эки даана экинчи тик тазалоочу курулмулар курулду.

Ошондой эле воздуховод-гидролиздик жабдуу менен жабдылып, башкы насостук станция курулду.

Белгилей кетсек, буга чейин Манас шаарындагы №2 саркынды сууларды тазалоочу жайы суткасына 8 миң метр кубга чейин саркынды сууларды кабыл алып келген болсо, жаңы курулганы суткасына 20 миң метр куб саркынды сууларды кабыл алууга ылайыкташкан.